• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кара-кулжада сел жүрүп, катуу шамаал болду

22 Теке 202410:56 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 21-июль күнү саат 16:10 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Алайкуу айыл аймагынын Сай-Талаа айылында жайгашкан 12 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирип, 3 турак үйдүн короосун каптаган. Ошондой эле шамалдан 1 турак үйдүн 40 чарчы метр тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иштерине Кара-Кулжа райондук №66 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, мотопомпа, айыл аймагынан 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 12 турак үйдүн жер төлөөсүн жана 3 үйдүн короосун сел сууларын толук тазалашкан. Ал эми шамалдан жабыркаган үйдүн чатырын убактылуу жабып беришкен

Количество просмотров: 195