• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кара-Кулжада тосмону сүзүп, оодарылып кеткен унаанын айдоочусу каза болду

1 Жалган куран 201914:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

Кечээ, 28-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы жол кырсыктын кесепетинен айдоочунун өмүрү кыйылды.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Чүй облусундагы Сокулук районунун 1978-жылы туулган тургуну А.у Ы. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып рулга ээ боло албай, жолду экиге бөлүп турган бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаа бир нече жолу оодарылып кеткен. Айдоочу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду.

Бул кырсык боюнча Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Жол кырсык көчөгө орнотулган видеокамерага түшүп калган.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 15