• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Кулжадагы Сары-Булак жолуна көчкү түштү

7 Бештин айы 202421:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 7-декабрда саат кечки бештер чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган (жабыркагандар жок жана Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жолу ачык). Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган. Бул аймакта жер көчкү кооптулугу жогору болгондуктан ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу 2022-жылы эле чыккан.

Ал жерге Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзгөн.

Эртең 8-декабрь күнү №26 ЖТИ тарабынан техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 192