• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Кулжадагы күйдүргү мал этинен экени аныкталды

15 Баш оона 201816:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
Кара-Кулжа районунда күйдүргүнүн (сибирская язва) белгилери менен 12 адам оорукана жаткырылды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Берилген маалыматтарга караганда оору, мал этинен тараган. Анткени айыл тургундары 1 уй союп бөлүп алышкан. Союлган мал оорукчан болгон.
Учурда бардык керектүү анализдер алынып, текшерилүүдөн өтүүдө. Ал эми оорунун белгилери чыккан кишилер, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Количество просмотров: 53