• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кара-Суу айылдык кеңеши өзүн өзү таркатты

9 Баш оона 2018 9:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Атбашы районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши өзүн өзү таркатты. Бул тууралуу жергиликтүү  булактардан белгилүү болду.

Анда маалым болгондой, айылдык кеңештин депутаттары Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппараттын кызматкерлеринин ишмердигине ичтери чыкпагандыктан, ушундай кадамга барышканы айтылат.

“Кара-Суу айыл Өкмөтүтүнүн башчысы Ш. Кабаев жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине айыл аймагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча айылдык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгына байланыштуу биз өз ыктыярыбыз менен ыйгарым укуктарыбызды тототууну жана Кара-Суу айылдык кеңешин таркасын деп чечтик”,-деп айтылат жергиликтүү кеңештин 14 депутаты кол койгон чечимде.

Ошону менен бирге эле алар бул чечим менен кошо кайрылууну КРнын Президенти С. Жээнбековго жана Атбашы райондук аймактык шайлоо комиссиясынынын жетекчисине жөнөтүшкөн.

Количество просмотров: 6