• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

14 Аяк оона 202011:55 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда «Ж.З.» аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуусунун алкагында УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С., Ж.З. аттуу жаранга оң чечим чыгарып берүү үчүн андан акча талап кылган. 2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштери учурунда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 295