• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Суу районунун акиминин орун басары кармалды

3 Аяк оона 202411:42 Бишкек Govori.TV


Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары У. Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде 1-сентябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

Акимдин орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 26-октябрга чейин камакка алынды.

Количество просмотров: 160