Кара-Сууда 31 жаштагы жаран 5 жашар кызды зордуктоого шектелүүдө.
Облустук милициядан билдиришкендей, 15-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош облусунун 1991-жылы туулган А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-апрель күнү эртең менен кызы 2019-жылы туулган С.Н. уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө-иш-чараларды жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суунун районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын автоунаасында отурган жеринен табылган.
Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо) жана 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган Э.уулу З. кармалып, камакка алынды. Жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тергөө амалдары уланууда.