• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кара-Сууда беш эсе көп түшүм берчү помидордун сортун өстүрүүдө

28 Жетинин айы 2018 15:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
“Ламия” сортундагы помидорду Кара-Суунун дыйкандары 4 жылдан бери эгип жатышат. Аны Голландиядан алдырып келишкен.
Нариман айылынын тургуну Махамаджан Мусаев помидорду быйыл жер которуп, күнөсканада өстүрүп көргөн. Жашылча 90 күндө мөмө алып, бир ай бою тынбай бышып турат. Ар бир түбүнөн 3-5 килограммга чейин түшүм алууга болот.
“1,5 гектарга жакын үлүш жерге төрт жыл мурда күнөскана курганбыз. Биринчи бадырың эккенбиз. Кийин 40 сотых жерге помидордун ушул сортун эгип, жакшы пайда таптык. Жашылчаларга отказандар аркылуу жылуулук берилет. Күнүнө 2 тоннадан ашуун көмүр жагылат”, -дейт дыйкан.
Помидордун ар бир түбүн тамчылатып сугарышат. Дыйкандын айтымында, бул ыкма түшүмдүүлүктү арттырат. Помидор жыйналып бүткөн жерлерге кайра көчөт отургузуп коюшат.
Күнөскана ондон ашуун кызматкерди жумуш орду менен камсыз кылып келет. Ушул тапта Кара-Суу районунда 200гө жакын күнөскана курулуп, анын тең жарымы иштеп жатат.

Булак: «Калыс Медиа»

Количество просмотров: 21