• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Сууда дүкөндөрдү тоногондор кармалды

12 Бирдин айы 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда дүкөндөрдөн уурулук жасагандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Савай айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган А.А. арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 12-январга караган түн ичинде азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз жарандар киришип, 1 даана ККМ апаратын жана 14 900 сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 10-февраль күнү кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1981-жылы туулган М.А. жана Кара-Суу шаарынын тургуну 2009-жылы туулган А.Б. кармалышып, камакка алынышты.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, оңой акча табуу максатында дагы башка 2 дүкөнгө киришип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендиги аныкталды. Жарандарга келтирилген зыяндын жалпы болжолдуу суммасы 52 миң сомду түзгөн.

Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 88