Кара-Сууда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 1973-жылы туулган К.Ш.Н. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Аталган К.Ш.Н. «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөсү болуп, 2002-жылдан бери коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран 20 жылдан бери Кара-Суу районунун аймагында жашырынып жүргөнү, «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун айрым активдүү мүчөлөрү менен байланышта болгону аныкталды.
Жүргүзүлгөн түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө К.Ш.Н. радикалдык-экстремисттик идеологиянын зыяндуулугун толук түшүнүп, тыюу салынган диний уюмга мындан ары мүчө болуудан баш тартты.
Ошондой эле ал расмий түрдө жарандарды тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.