• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кара-Сууда катар жайгашкан төрт турак үй күйүп кетти

14 Бугу 201913:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Кара-Суу районундагы Жаңы-Турмуш айылында катар жайгашкан төрт турак үйдүн жалпы 629 чарчы метри күйүп кетти.

Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо 13-майда, кечки саат 20:00 чамасында катталып, жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлар өрттөнгөн. Өрт эки жарым сааттан кийин өчүрүлдү.

Өрт болжол менен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (электр зымдарынын кыска туташуусу) келип чыккан.


Количество просмотров: 14