• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Сууда логистикалык борбор курулат

13 Баш оона 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8,0 га жер трансформацияланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Нариман айыл аймагындагы №232 контурда жайгашкан  8,0 га жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу району “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн которулган (трансформацияланган). Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт.

Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында өнөр жайлык-өндүрүштүк компонент катары  кургатылган жемиштерди вакуумдук муздатуу жана өзүнчө кургатуу жолу менен өндүрүү ишке киргизилет.

Количество просмотров: 128