• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт. 30дан ашуун прокурор жазаланды

18 Бирдин айы 2020 15:15 Бишкек Govori.TV

АТ-БАШЫДАГЫ ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРДУН  КУРУЛУШУ ТОКТОДУ

Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясы Ат-Башыдагы индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун токтотконун жарыялады. Бул маалыматты 17-февралда «Нарын эркин экономикалык аймагы» ишканасынын башкы директору Артур Байтереков билдирген. Муну менен 200 гектар жерди 49 жылга ижарага алуу тууралуу келишим күчүн жоготот.

БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН 30 КЫЗМАТКЕРИ ЖАЗАЛАНДЫ

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура 30 кызматкерин мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартты. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов кол койду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат бөлүмү билдирди. 24 прокурорго сөгүш жарыяланды. Алардын арасында Ош жана Бишкек шаарларынын прокурорлору да бар. Мындан сырткары, прокуратура органынын 4 кызматкерине мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эскертүү берилип, 7 кызматкери эскертүү алды. Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөтүлдү.

ЛАЙНЕРДЕ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАНДАРДЫН ИЧИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫК БАР

Японияда кармалып турган Diamond Princess (Дайманд принсес) круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Дарыгерлер ал круиздик лайнердин бортунда бараткан чет элдик 67 жаран коронавирус жуктарганын аныктаган. Кеме 5-февралдан бери Япониянын Иокогама шаарында карантинде турат. Буга чейин 19-февралда лайнерди карантинден чыгаруу пландалганы кабарланган. Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги 15-февраль күнү илдетке кабылган 67 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат берген.

Количество просмотров: 315