• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Баткенге логистикалык борбор курулат

19 Бештин айы 2023 13:07 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр айылында жалпы аянты 0,5 гектарды түзгөн логистикалык борбор курулат. Бүгүнкү күндө керектүү жабдыктар алынып, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Борбордун курулушуна 22 млн сом каралган. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында район үчүн бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен бөлүнгөн.

Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Райондук администрациядан курулуш иштери качар бүтөрүн ачыкташкан жок.

Количество просмотров: 70