• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кара-Сууда жасалма акча сатууга шектелген жарандар кармалды

4 Жалган куран 2022 15:44 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Суу районунда эки жаран жасалма акча сатууга аракет кылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 3-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан К. аттуу жаран ири суммадагы жасалма АКШ долларын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Аталган факты электрондук маалымат журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө ири өлчөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууну көздөгөн Ош облусунун Алай районунун 36 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан шек саналган 50 даана 100 АКШ доллары жана кошо катышкандыгы менен шектелген Жалал-Абад облусунун А.Б. аттуу тургунунун кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 7 даана 100 АКШ доллары табылып алынган.

Текшерүү учурунда окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Аны менен бирге далил буюм катары алынган жалпысы 57 даана шек саналган АКШ доллар купюраларын сатууга аракет жасаган атуулдардын кыймыл-аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Окуя боюнча кармалган жарандар Н.Т. жана А.Б. шектүү катары суралып, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алышып, көрсөтмөсүн берген.

Алар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жасалма акчаларды кайсы жакта жасалганы жана кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 224