Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн сел суулары топтолуп, Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылындарына агып кирди.
«Катта-Талдык айыл аймагынан 2 даана жүктөгүч тартылып, селдин нугун бурулуп сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүздү. Ал эми Кара-Сөгөт айылында такталган маалымат боюнча бир үйдүн артынан сел суулары кирип тешип өткөн, 6 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 3 чакырым жолун жеп кеткен жол каттамы бар, андан сырткары ички чарбалык 5 чакырым жолду да сел жеп кеткен. Жол кооптуу абалда бирок каттам бар»,-деп айтылат маалыматта.
Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары жана 27 кишиден турган ыкчам топ жеринде иш алып барууда.