Кара-Суудан 26 жаштагы жигитти сүзгөн айдоочу качып баратып кармалды. 80 миң доллар пара сураган прокурор 13 жылга кесилди. Соңку жаңылыктар 23.04.18.
Кара-Суудан 26 жаштагы жигитти сүзгөн айдоочу качып баратып кармалды. 80 миң доллар пара сураган прокурор 13 жылга кесилди. Соңку жаңылыктар 23.04.18.
23 Чын куран 201815:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV
Таабалды Тиллаев комитет жетекчилигинен кетти
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы жөнүндө кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынында билдирди. Аны парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. «Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан, өз ыйгарым укуктарымды тапшырууну чечтим», — едиТиллаев.Өткөн аптада парламент ишеним көрсөтпөгөндүктөн Сапар Исаков баштаган өкмөт кызматтан кеткен. Ошондон кийин парламенттеги “Республика — Ата Журт” (РАЖ) фракциясы көпчүлүк коалицияга кошулган.
80 миң доллар пара сураган прокурор 13 жылга кесилди
Бишкектин Октябрь райондук соту паракорлукка шектүү Башкы прокуратуранын үч кызмат адамына жана Чүй облустук милициясынын эки ыкчам кызматкерине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалымат ушул мекемеден алынды. Маалыматка ылайык, Чүй облустук милициясынын 5-башкармалыгынын кызматкери С.К.Ч., ушул эле мекеменин улук ыкчам кызматкери К.Д.Т., Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын башчысы И.А.Б. жана дагы эки прокурор пара талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөдө алар кылмышка шектүүлөрдөн 80 миң доллар пара талап кылганы аныкталган. Сот милициянын эки ыкчам кызматкерин жана Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысын үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 13 жылга, эки прокурорду 7 жылга эркинен ажыратты
Кара-Сууда 26 жаштагы жигитти сүзгөн айдоочу кармалды
Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп, качып бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.Маалыматка ылайык, окуя 22-апрелде саат 09:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Мачак конушунда болгон.»DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерде Чоң-Алай районунун 26 жаштагы тургуну Б.М. каза болгон. Аймактык тескөөчүлөрдүн жана криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракети менен Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Өзгөн районунда колго түштү. Ал изин жашыруу үчүн Бишкек шаарын көздөй качып бара жаткан», — деп айтылат маалыматта.Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.