• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды

7 Тогуздун айы 2020 21:23 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Мындай маалыматты Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев ырастаганын «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, учурда Матраимов Өзбекстанда. Жакын арада Кыргызстанга кайтаруу маселеси каралып жатат. Тилек Матраимов менен чогу бир нече жакын тууганы болгон.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов Кара-Суунун акимдигин аркалап келген. Ал парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин айткан. Ал депутат Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Количество просмотров: 952