• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караганда облусунда жол кырсыгынан кыргызстандыктар жабыркады

15 Жетинин айы 2019 18:07 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Караганда облусунда эл ташыган автобус кырсыктап кыргызстандыктар жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрь күнү Акторгай районунда болгон. Алматыны көздөй багыт алган автобусту 38 жаштагы кыргызстандык айдап бара жаткан. Салондо 15 киши болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калып Volvo үлгүсүндөгү унаанын чиркегичине барып урунган. Экинчи транспортту Алматы облусунун 55 жаштагы тургуну айдап бара жаткан. Окуянын кесепетинен сегиз киши жабыркады.

«Акторгай райондук коомдук саламаттык башкармалыгынан билдиришкендей, Тажикстандын бир жараны реанимацияда оор абалда жатат. Дагы бири Балхаш шаарындагы борбордук ооруканага которулду. Ал эми кыргызстандыктардын бири хирургия бөлүмүндө болсо, экинчиси Россиянын Коргоо министрлигине караштуу 454-аскер госпиталына (Караганда облусундагы Приозерск шаарында Россиянын аскер бөлүгү бар — ред.) которулду. Тажикстандын эки жараны жана Караганда облусунун эки тургуну амбулатордук дарылануудан өтөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 148