• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Каракчылык жана автоунаа уурдоо менен издөөдө жүргөн шектүү Чүйдө кармалды

19 Үчтүн айы 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

Токтогулда каракчылык жана автоунаа уурдоо менен издөөдө жүргөн шектүү Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган күнү болжол менен саат 01:40 чамасында Токтогул районунун А.Г. аттуу тургунунун үйүнүн дарбазасынан сырттан тааныш болгон Кутман аттуу бала ашып өтүп, үйүнө кирип келип уктап жаткан жеринен учтуу курч нерсе менен моюнуна такап коркуткан, А.Г. кыйкырып жиберген учурда кылмышка шектүү терезе аркылуу чыгып качып кеткен.

Бул окуя боюнча тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, топтолгон материал Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошол эле күнү, тактап айтканда 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү Токтогул шаарчасынын көчөлөрүнүн биринде Ауди А-6 үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жаран үйдүн короосунан жашыруун түрдө айдап качып кеткен.

Аталган факты Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автоунаа каражатын уурдап качуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө тапшырмалары берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1997-ж.т. М.К. окуяга тиешеси бар экендиги такталган. Шек туудурганды кармап тергөөгө камсыздоо боюнча иштер улантылган, бирок кылмышты жасагандан кийин ал өзүнүн изин жашырып качып кеткен жана ага карата 2020-жылдын 19-декабрь күнү издөө иши ачылган.

Бул сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында изин жашырып качып жүргөн М.К. 2021-жылдын 15-январь күнү Чүй облусунун Панфилов районунун аймагында кармалып, өздүгүн текшерүү учурунда, жанында 28 грамм өзгөчө кескин жыты бар, баңгизатына окшош (гашиш) зат алып жүргөндүгү да аныкталган.

М.К. 2021-жылы 15-январь күнү Токтогул РИИБнин УКЖна киргизилип, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 73