• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракол — Эңилчек жолу убактылуу жабылды

16 Бештин айы 202417:46 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылар замат, кар күрткүсү кайра үйлөп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.

Ошондой эле жолдун 76-92-чакырымдар аралыгында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кырсыктарды алдын алуу максатында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды. Тиешелүү тескемеге Ак-Суу районунун акими кол койду.

Ага ылайык, жогоруда аталган тилке 16-декабрдан 18-декабрга чейин жабык болот. Ал эми түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат такталарын орнотуу, ыкчам маалымат берүү сыңдуу тапшырмалар тиешелүү мекеме жетекчилерине берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Количество просмотров: 145