• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Каракол шаарында коомдук транспорттун баасы көтөрүлөт

10 Теке 2024 16:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында коомдук транспорттун баасы 5 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, 13-июлдан тарта коомдук транспортто жүрүү акысы 20 сом болот. Жол кирени көтөрүүгө күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү негиз берген.

«Караколдогу коомдук транспорт айдоочулары быйыл март айынан баштап эле бизге кайрылып, жол киренин баасын көтөрүп берүү сунушун карап көрүүнү суранып келе жаткан. Алар күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам, тапканы өзүн актабай жатканын айтышты. Буга байланыштуу мэрия маселени ар тараптан карап көрүп жол акыны 5 сомго көтөрүүнү токтом кылды», — деп билдирди мэрия.

Жол акы пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына 10 сом боюнча калат. Калган жүргүнчүлөр 20 сомдон төлөшөт.

Количество просмотров: 92