• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Каракол шаарынын мэри 12-октябрда шайланат

27 Аяк оона 201810:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрга белгиленди. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-октябрга чейин шаар мэрлигине талапкердин тийиштүү документтери тапшырылышы керек.
Эске салсак, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев 19-сентябрда кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Арпачиев бул кызматка  2016-жылы май айында шайланган.
Количество просмотров: 57