• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев кызматынан бошотулду

19 Аяк оона 2018 21:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV

Бүгүн 19-сентябрда, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул туурасында өздүк булактар кабарлады.
Азырынча Арпачив эмне үчүн кызматтан кетүүнү чечкендиги белгисиз.

Автоматический альтернативный текст отсутствует.

Эскерте кетсек, жыл башында Каракол шаардык кеңешинин депутаттары,шаар мэри Данияр Арпачиевге ишенбестик көрсөтүшкөн. Бул тууралуу шаардык депутаттардын бири тастыктады.
Аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган шаардыктардын өкүлү кечээ өткөн шаардык кеңештин чогулушунда күн тартибиндеги жалгыз маселе-шаар мэрине ишенбөөчүлүк көргөзүү суроосу каралып, ага катышкан 31 депутаттын 30 “макул” деп добуш берген.
“Буга шаар мэри Данияр Арпачиевдин бюджеттик каражатты эффективдүү жана сарамжал пайдалана албаганы, пландардын аткарылбаганы, шаардык кеңеш менен иштеше албаганы себеп болду. Ишенбестик боюнча чечим өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүлдү”,-деп билдирет ал.
Эске сала кетсек, Данияр Арпачиев 2016-жылдын 13-майында 31 депутаттын 24түнүн добушу менен мэрликке шайланган.

 

Количество просмотров: 39