Алмазбек Сокеев Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу чарба кызматынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин, 2025-жылдын 21-февралында президенттик аппараттын коллегиясында министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевге анын орун басары Алмазбек Сокеевди чет өлкөгө арызы жок командировкага кеткени үчүн кызматтан алууну сунуштаган.