• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Караколдо 350 орундуу оорукананын курулушу башталды

19 Чын куран 2024 15:36 Бишкек Govori.TV

Караколдо калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Количество просмотров: 76