• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Караколдо 4 тилкелүү жол толук капиталдык ремонттон өтүп ачылды

9 Тогуздун айы 2019 14:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Караколдо 4 тилкелүү жол толук капиталдык ремонттон өтүп ачылды.

Каракол шаарында Абдрахманов борбордук көчөсүнүн ачылыш аземи өттү. Ачылышына Каракол шаардык кенешинин депуттары, шаар мэри, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жана жергиликтүү тургундардын катышышуусу менен өттү.

Эске салсак, Абдрахманов көчөсү совет доорунан бери эч кандай капиталдык ремонттон өткөн эмес. Быйыл 2019-жылы республикалык бюджеттен 33 миллион 553 мин сом акча каражаты бөлүнүп 0,67 км (673 метр) чарчы жол толук капиталдык ремонттон өттү.

Аталган көчөнүн ондоп-түзөө иштери 22-июлда башталып, бүгүн ишке берилди. Жолду куруу үчүн тендерди «ОсОО СМУтт» компаниясы утуп, жолду куруу укугуна ээ болгон.

Каракол шаардык кенешинин депутаттарынын жана шаар мэринин айтымында, Абдрахманов көчөсүн аягына чейин куруу иштери, кийинки жылдары да бүтүрүүгө толук аракеттер жумшалмакчы. Себеби жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан, республикалык же башка булактардан акча каражаты изделип иш аягына чейин чыгарылмакчы.

Количество просмотров: 131