Караколдо изделип жаткан 2 жана 5 жаштагы кыздардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жана 2 жаштагы кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткенин, издөө жүрүп жатканын билдирген.
Кыздарды издөөгө Каракол шаардык № 15 ӨКБдөн 5 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.