• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Караколдо 67 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

15 Баш оона 202314:29 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 67 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

13-август күнү Каракол шаардык милициясына бир аял өз үйүндө киши колдуу болгону тууралуу “Тез жардам” кызматынан кабар түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу каза болгон аялга бычак сайылганын аныктаган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну кармалды. Ал алдын ала сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү жаран Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 245