Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын реформалоого байланыштуу 1994-жылы Ысык-Көл облусу үй-бүлөлүк медицинаны киргизүү боюнча пилоттук аймак катары тандалып алынган. Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобун, үй-бүлөлүк медицина боюнча окутуу саламаттык сактоону реформалоонун башкы максаттарынын бири болуп калды.
1996-жылдын июнь айында саламаттык сактоо программасынын (USAID) техникалык жардамы менен, Каракол шаарында үй-бүлөлүк медицинанын окуу-усулдук борбору областтык ҮДБнын базасында уюштурулган.
1998-жылы Каракол шаарынын 8 дарыгери сертификат алып, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк медицинанын биринчи адиси болуп, Ысык-Көл облусунун ҮДТ дарыгерлерин «үй-бүлөлүк дарыгер» адистиги боюнча окута башташты жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды үй-бүлөлүк практика принциби боюнча калкка медициналык кызмат көрсөтүүгө жардам көрсөтүштү.
2000-жылдан тартып үй-бүлөлүк медицина окуу борбору ҮМФ Ысык-Көл филиалы КМКДжКЖИнин түзүмдүк бөлүмү катары өткөрүлүп берилген.
2017-жылы МКФ КР ССМдин буйругу менен филиалы 1897-жылы курулган мурдагы хоспис имаратына көчүрүлгөн.
1960-жылдан бери капиталдык оңдоп- түзөө иштери болгон эмес. Буга карабастан, Ысык-Көл филиалы Ысык-Көл облусунун медициналык кызматкерлерин окутуу боюнча ишин улантты.
2023-жылы С.Б. Данияров атындагы КМКДжКЖИнин ректору Р.А. Курмановдун демилгеси менен имаратты реконструкциялоого финансылык каражаттар бөлүнүп, 8 айдын ичинде оңдоо иштери жүргүзүлдү. Реконструкциялоонун алгачкы кадамдары 20-апрелде башталып, 2023-жылдын 28-декабрында аяктаган. С. Б. Данияров атындагы КМКДжКЖИнин ректору профессор Р.А.Курманов иштин ар бир этабын көзөмөлдөп турду .
Оңдоп-түзөөдөн кийин кабинеттер жарык жана жылуу. Санитардык түйүндөр үчүн жаңы имарат курулуп кабинеттер жаңы эмеректер, заманбап техникалар менен жабдылган.
Азыркы учурда Ысык-Көл филиалында үй-бүлөлүк медицина факультетинин 2 кафедрасы бар: үй-бүлөлүк медицина кафедрасы жана үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш кафедрасы. 7 окутуучу, 3 лаборант жана 3 чарба кызматкери эмгектенишет .
Жаздын башталышы менен филиалдын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүлүп, Тянь-Шань карагайлары, көк карагайлар, арчалар, гүлдөгөн бадалдар, алма бактары жана ошондой эле көп жылдык бордордук гүлдөрү отургузулган.
Окутуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондуктан бизде үй-бүлөлүк дарыгерлерден жана үй-бүлөлүк медайымдардан башка дагы адистер, медкызматкерлер өз квалификациясын жогорулата алышат.
Кызматкерлер сапаттуу иштөөгө аракет кылып, окутуунун методдорун жана шарттарын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшашат .