• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүнө кирген суулар тазаланууда

20 Бугу 20269:29 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүнө кирген суулар тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-көл облусунун Каракол шаарындагы Восход кичи районундагы Nº2, Nº6, Nº9 ошондой эле Геология кичи районундагы Nº160 көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнө
кирген сууларды тазалоого Каракол шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тазалоо иши жүрүүдө.

Жерине Каракол шаардык Суу чарба жана Жол тейлөө мекемесинен 2 экскаватор, тазалык ишканасынан 3 ассенизитор унаасы, Каракол ӨКБдан 1 мотопомпа жана куткаруучулар тартылган.

Количество просмотров: 124