• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо кароосуз калган имараттан өспүрүмдүн асынган абалдагы сөөгү табылган

24 Бирдин айы 202517:51 Бишкек Govori.TV

21-февраль күнү Каракол ШИИБге кароосуз калган имаратта белгисиз адамдын асынган абалдагы сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда шаардагы көп жылдан бери кароосуз калган эски банк имаратынын арткы короосунда асынган адамдын сөөгү табылган.

«Териштирүү учурунда маркумдун тек-жайы аныкталган. Ал 19-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан, апасынын арызынын негизинде издөөгө алынган, 2008-жылы туулган өспүрүм баланын сөөгү болуп чыккан. Сөөктү кароо учурунда эч кандай жаракат жок экенин аныктаган», — деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 272