Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мал союлуучу жай тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен ачылып, иш алып барып келген.
“Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малды союп келгени аныкталды”, — деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган мал союлуучу жай ишин токтотту.