• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Караколдо тез татымдагы өрттөн 6 киши жабыркап, 19 жаштагы кыз ажал тапты

10 Үчтүн айы 202117:24 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында тез тамактануучу жайдан чыккан өрткө газ баллондун жарылышы себеп болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 6 адам ар түрдүү күйүк алып, 2000-жылы туулган А.Н. аттуу кыз каза болду.

«Жабыркаган жарандар «Тез жардам» кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин саат 15:00дөрдө Горький көчөсүндө жайгашкан тез татымдан өрт чыгып, ӨКМдин бир бөлүмү тартылып, 15:42де өрт өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 343