• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Караколдо жөө адамды сүзүп, качып кеткен 18 жаштагы кыз кармалды

12 Бугу 202111:49 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү автоунаа аны сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин билдирген.

Натыйжада, алган жаракаты менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына медициналык жардамга кайрылууга мажбур болгондугун маалымдаган.

Аталган арыз Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155-беренеси (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бир күндүк издөө иштеринин натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын жол-кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну аныкташты.

Айдоочу 18 жаштагы кыз болгон жана анын айдап жүргөн «Windom» үлгүсүндөгү автоунаасы атайын токтотучу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 273