Каракол шаарында Жаңы жылдык балаты кулап калды. Бул тууралуу сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды. Интернет колдонуучулар бул сүрөткө ар кандай ой-пикирлерин калтырып жатышат.
Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 21 метр. 2017-жылы аны жасоого 1 миллион сом сарпталган.
Эске салсак, буга чейин Каракол шаарынын борбордук аянтына жаңы-жылдык балаты 14-ноябрда орнотулуп, социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан эле.