• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Караколдогу аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары кармалды

19 Бирдин айы 2024 16:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Жылдыз Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, текшерүүдө, Асанакунованын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

«Аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу) жана 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынышты», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Буга чейин Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунова жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, аларга делген азык-түлүктүн сапаты тууралуу айтып, кайрылуу жасаган.

УКМКнын Чек ара кызматы социалдык тармактарда №2028 аскер бөлүгүнүн санитардык нускоочусу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын видео кайрылуусунда айтылган маалыматы боюнча буга чейин да Чек ара кызматынын жетекчилиги, ошондой эле көзөмөлдөө жана компетенттүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгүн маалымдаган.

Ал эми УКМК аскер бөлүктөгү зомбулук боюнча кайрылуу тастыкталбаганын билдирди.

Количество просмотров: 88