• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

УКМК: Аскер бөлүктү текшерүү учурунда Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок

8 Бирдин айы 2024 10:46 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге жасалган зордук-зомбулук тууралуу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Малыматка караганда, Асанакунова буга чейин да ушундай эле арызды УКМКга кат жүзүндө берген. Анын негизинде атайын кызматтын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

“Документтер изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо аны даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди. Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Жылдыз Асанакунованын 6-февралда социалдык тармактарга жарыялаган кайрылуусунан кийин Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча текшерүү жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

Буга чейин Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунова жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, аларга делген азык-түлүктүн сапаты тууралуу айтып, кайрылуу жасаган.

Теги:
Количество просмотров: 120