• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караколдогу мал базарда оорулуу уйлар сатылганбы? Милиция териштирүү иштерин баштады

11 Кулжа 2021 16:32 Бишкек Govori.TV

Караколдогу мал базарда оорулуу уйлар сатылган, милиция тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Түп райондук милициясына Талды-Суу айылынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 28-март күнү Каракол шаарынын мал базарынан О.Б. аттуу жарандан, тийиштүү ветеринардык тактамасы менен 64 миӊ сомго уй сатып алгандыгын, үйүнө алып келип, дагы бир жолу ветеринардык текшерүүдөн өткөргөндө, сатып алган малы бруцеллёз илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун көрсөткөн.

Аталган факты райондук милициянын КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашырып келген Жети-Өгүз районунун 62 жаштагы тургуну Б.М., КР «Ветеринари жөнүндө» мыйзамынын жана өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун» талаптарын эске албастан, мөөнөтү өтүп кеткен күбөлүктүн негизинде, жаӊы ветеринардык күбөлүктү бруцеллез илдетине чалдыккан уйга жазып берүү менен, аны Каракол шаарындагы мал базарынан колдон колго сатылып кетүүгө шарт түзгөндүгү аныкталган.

Жеке ветеринардык практика менен алектенген адамдын кыймыл-аракетинде КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 156-берененин 1-бөлүгү (“Ветеринардык эрежелерди бузуу”) менен көрсөтүлгөн талаптары бузулгандыктан, чогулган материалдар Жети-Өгүз райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына чара көрүүгө жиберилген.

Ушундай эле арыз менен Түп районунун Шаты айылынын 67 жаштагы тургуну кайрылып, 9-май күнү Каракол шаарындагы мал базарынан сатып алган бодо малы, кийинчерээк «Цестодоз тобундагы гемильтозом» илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун арызында көрсөткөн.

Аталган факты да Түп райондук милициясынын КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жугуштуу илдетке чалдыккан бодо малга ветеринардык күбөлүктү Тоӊ райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын ветеринар – дарыгери, 27 жаштагы К.Ы. бергендиги аныкталган.

Учурда жаныбарда жугуштуу илдеттин качан пайда болгонун аныктоо максатында, Ысык-Көл облустук ветеринардык диагностика борборунда тийиштүү изилдөө жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 457