• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караколдогу массалык мушташ: Милиция жакшы иштебей жатат деп жабыркаган баланын энеси нааразы

12 Чын куран 2021 17:41 Бишкек Govori.TV

Караколдо 9-апрелден 10-апрелге караган түнү массалык мушташ болгон. Эки айылдын балдарынын мушташынан 2004-жылы туулган, Политехникалык колледждин 1-курсунун студенти оор жаракат алган.

Баланын апасы Орозбаева Айсулуу учурда уулунун абалы оор экенин айтты.

Анын айтымында, милиция ишти жакшы карабай жатат.

“Бүгүнкү күнгө чейин баламдын башына катуу буюм (болжолдуу арматура) менен урган бала кармала элек”, – дейт ал.

Аталган окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, мушташка катыштыгы бар делген 10 чакты баланын өздүгү аныкталганын, бирок жабырлануучуга оор жаракат келтирген бала кармала электигин айтышты.

Окуяга байланыштуу “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 19