• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Караколдогу окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору кызматтан кетти

18 Бирдин айы 2019 21:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы киши колдуу каза болгон окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору кызматтан кетти. Бул тууралуу мектеп директору Клара Курбановага өзү билдирди.

«Мен эч кандай комментарий бере албайм, ал мектепте иштебей калдым, жумуштан кеттим», — деди ал.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелип 8 бала кармалган. Алардын экөө 16 жашта болгон. Ал эми Каракол шаардык соту шектүүлөрдүн алтоону эки айга, калган 2 мектеп окуучуну бир айга камакка алган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги тастыктап, мектеп директору өз каалоосу менен жумуштан кеткенин билдирди.

Булак: супер.кж

Количество просмотров: 3