• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караколдогу «Швейцария шаарчасынын» толук долбоору. Курулуш иштери качан башталаары айтылды

4 Үчтүн айы 2022 14:37 Бишкек Govori.TV

«Каракол» лыжа базасында карагайларды кыйып, «Швейцария шаарчасын» куруу фактысы боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Аталган шаарчаны «Альфа Дом Строй» курат. Алардын маалыматы боюнча, бул шаарчаны 5 гектар жерге салуу пландалууда.

«Курулуш иштери март айында башталат. Ал убакка чейин биз документтерди даярдап жатабыз. Мартка чейин документтер менен биргеликте бизге жашылдандыруу чарбасы жер берүүсү керек, себеби коттедждерди курууда бир бак кыйсак ордуна башка жерге бак отургузабыз. Себеби, биз курулушту дал ушу жашыл аймак үчүн баштап жатабыз да. Баардык бактарды кыйып, токойду жок кылат экен деген маалымат туура эмес. Биз да жашылдандыруу иштерине кызыктарбыз да. Курулуш иштери башталган учурда гана канча бак кыйууга дуушар болоору белгилүү болбосо, азыр так айта албайбыз. Бирок, токойдун бир аз гана бөлүгү кыйылат. Биз бары-бир жашылдандыруу иштерин аткармакпыз да, ошондуктан көп бактын өз ордунда калуусу өзүбүзгө эле маанилүү» , — деп билдиришти компаниядан.

Компаниядан кошумчалашкандай, баардык сүйлөшүүлөр, курулуш иштери мыйзам чегинде жана өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү максатында жүрүп жатат.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Караколдогу лыжа базасына «Швейцария шаарчасы» салынарын, ал үчүн тоонун боорундагы карагайлар кыйыла тургандыгы боюнча маалыматты талкуулап, көпчүлүгү нааразы пикирлерин билдиришкен.

Ал тургай коттедждерди сатуу боюнча жарнаманы курулуш компанияларынын бири жарыялаган. Компания коттедж шаарчасын Швейцария стилинде «Каракол» лыжа базасынын так ортосуна курарын белгилеген.

«Каракол» лыжа базасынын администрациясы комментарий берүүдөн баш тартты.

Белгилүү болгондой, компаниянын жарнамасында көрсөтүлгөн жер аянты Мамлекеттик токой-чарба агенттигине караштуу. «Каракол» лыжа базасында карагайларды кыйып, «Швейцария шаарчасын» куруу фактысы боюнча экологиялык милиция текшерүү ишин жүргүзө баштаганы маалым болду.

Курула элек коттедждерди сатуу аракети эмитеден эле башталган. Аны «Каракол» лыжа базасына келген эс алуучуларга сунушташууда.

Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткандан кийин жарнамалар алынып жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 1817