• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Караколдун тургундарына окуучунун өлүмү тууралуу WhatsApp аркылуу билдирүү келүүдө

12 Бирдин айы 2019 18:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV

Караколдо №5 орто мектептин окуучусу киши колдуу болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан кийин жергиликтүү тургундардын балдарына тартипти күчөтүү зарыл экенин эскерткен билдирүүлөр таратыла баштады.

Ал билдирүүдө:

«Урматтуу ата-энелер! Өз балдарыңыздарга мектептен тышкары жана жолдогу убактысындагы көзөмөлдү күчөтүүңүздөрдү өтүнөбүз! Зарыл болбогон учурда эч жака чыгарбаңыздар. Белгилүү болгондой кечээ күнү Нариманов атындагы мектептин окуучусунун сабалып өлтүрүлгөн денеси табылды. Ошондуктан балдарыңызга эскертүүнү унутпаңыздар!»,-деп айтылат.

Кошумчалай кетсек, Караколдо №5 орто мектептин окуучусу киши колдуу болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 12-февралда, Каракол ИИБине саат 08.23тө унаа базарынын жанынан кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн.

Укук коргоочулар киши кыйнап өлтүрүлгөнүн тастыктаган белгилерди байкашкан. Ошондой эле маркумдун жанынан кандын тактары бар таяк табылган.

Окуучу 18 жашта болгон. Ал 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин ата-энеси билдирген.

Аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча («Адам өлтүрүү») териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 25