• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Карамат Орозова Жаштар иштери боюнча министрликти кайрадан түзүү керек деп эсептейт

15 Жетинин айы 201812:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV
Депутат Карамат Орозова Кыргызстанда Жаштар иштери боюнча министрликти кайрадан түзүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
Анын билдиргенине караганда, тарыхта жаштардын ролу чоң. Мамлекет жаштарга колдоо көрсөтүүдө өзгөчө көңүл буруусу керек. Депутаттын пикиринде, атайын министрликтин жоктугунан улам, жаштар өз көйгөйлөрүн өздөрү чечүүгө аргасыз.
«Мен Жаштар министрлигин кайра алып келүү керек деп эсептейм. Буга кошумча каражат керектелбейт. Жаш кадрларды даярдоочу мектептерди ачуу керек», -деди депутат.
Количество просмотров: 57