• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Карамушкина Атамбаевди колдогондорго карата куугунтук болуп жатканын айтып чыкты

14 Жалган куран 2019 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон активисттерге карата куугунтук болуп жатканын билдирип, бул үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты:

— УКМКнын төрагасы Кадыркуловго расмий түрдө кайрылабыз. Өз кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Партиянын активисттерине жана Алмазбек Атамбаевди колдогондорго карата куугунтукту токтотуш керек. Жарандарыбыздын укуктарын бузбагыла.

Карамушкина ошондой эле «облустардан сигналдар келип жатканын» кошумчалады.

КСДПнын катчылыгы 6-апрелде Бишкекте партиянын республикалык курултайын өткөрөрүн жарыялаган. Ал арада «Атамбаевсиз КСДП» аттуу кыймыл да өз алдынча курултай чакырганын кабарлаган.

Партиянын катчылыгы УКМК аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды чогултуп жатканын айткан.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул факт боюнча ички иликтөө иштери башталганын билдирген

Количество просмотров: 14