Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн ЖК депутаты Ирина Карамушкина камакка алынган мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеваны үй камагына чыгарууну суранды.
Анын айтымында, экс-министрди үй камагына чыгаруу же эч жакка чыкпоо катын берүү керек. «Эмнеге дароо эле камап салыш керек?».
«Тергөө тапшырманы ким аткарганын, чындыкты табат деп ишенем. Бул 7 жыл мурун болгон. Эми баары Батукаев менен жүгүрүп жүрүшөт. Сиздер билесиздерби, уюшкан кылмыштуу топтун канча мүчөсү ушинтип бошотулганын? Эч ким тергөө менен алектенбейт, эмнеге алар бошотулган?», — деди ал.
Эске салсак, Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Буга байланыштуу мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева 15-майда камакка алынган.
Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1 мекемесине киргизилген болчу.