• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Карамушкина туулган күнү менен куттуктабаган кесиптештерине таарынды

22 Бугу 2019 10:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн ЖК жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина парламенттин өкүлдөрүнө таарынычын айтып алды.

Жыйындын жүрүшүндө төрага Дастан Жумабеков эл өкүлү Каныбек Иманалиевди 50 жашка толушу менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Ал эми депутат Карамушкина микрофонго чыгып: «Менин деле юбилейим болгон. Мен таарынган деле жокмун бирок, негедир мени минтип атайылап куттуктаган жоксуңар. Же орус депутатка башка мамилеби? Оа мага Чыңгыз Айтматовдун китебин берип жиберипсиз, бирок, мен кыргызча китеп окубайм. Мен аны жакшы бир мектепке кайрадан белек кылдым»,- деген пикирин айтты.

Эске салсак, Ирина Карамушкина 7-апрелде 1964-жылы Чүй облусунун Ново-Павловка айылында туулган.

Количество просмотров: 8