Карамушкина: “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?”
Карамушкина: “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?”
20 Аяк оона 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди, Зардалы айылынан кабар алып келүүсүн сунуштады.
Депутат айым парламент жыйынында сөз сүйлөп жатып, Баткен облусуна караштуу Зардалы айылына барып келгенин айтты.
Карамушкинанын пикиринде, Зардалынын тургундары 18 кылымдагы шарт менен жашап жатышат. Эгер өкмөт башчыга ар бир жарандын жашоосу кызык болсо, анда ал октябрь айынын соңуна чейин Зардалыга барып келүүсү керек.
“Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” деген сөздүн маанисин эми түшүндүм. Ал жерде биздин жарандар электр жарыгы, байланыш жана радио, теле байланышы жок жашап жатышат. Мен аял болуп туруп барып келдим. Эгерде сиз да барсаңыз, Зардалыдагы элден кабар алган алгачкы премьер болосуз”, — деди Карамушкина.
Түркияга барган куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти.Ар бир жарандын жүзүнөн куткаруучуларга болгон ыраазычылык, урматтоо байкалып турду.Түрктөр …
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди
Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат …