• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Карамушкина Жээнбековдор менен Матраимовдордун мүлкүн текшерүү боюнча маселе козгоду

27 Бугу 201915:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

КСДП партиясынын депутаты Ирина Карамушкина Жээнбековдор менен Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшерүү туурасында маселе көтөрүп, фейсбуктагы жеке баракчасына билдирүү жазды.

Анда: “ Жээнбеков менен Матраимовдун үй-бүлөсүндөгү бир-туугандар баардыгы мамлекеттик кызматкерлер экенин билебиз. Алар кайсы акчасына эки этаж үйлөрдү куруп, курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Эмне үчүн С. Жээнбековго Чуй облусундагы 110 гектар жер тилке менчигине чыккан? Мен ЖКнын IV чакырылышынын депутаты Сокулук районунда туулуп ошол жакта 5 сотук жер тилкесиндеги үйдө жашайм. Башкаларга окшоп сатып ала алган жокмун. Мүлкүңөрдү көрсөткүлө! Такталбаган маалыматтарга ылайык, М. Абылгазиевдин Ысык-Көлдө 2 пансионаты бар деп айтылууда. Ушул адамдар мага ак иштеп, туура жашаганды үйрөтөбү?”,-деп жазган.

И.Карамушкина бул боюнча Kaktus.media агенттигине берген маегинде бул кадамдарга баруусуна Д.Мусакеевдин 5 жылга эркинен ажыратылгандыгы түрткү болгонун билдирген.

Количество просмотров: 14